2021-жылы кен иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн

2021-жылы кен  иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн

2021-жылы кен иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 3-апрелде, тоо-кен тармагынын кызматкерлерин КРнын Геологунун күнү менен куттуктоо сөзүндө билдирди.

Куттуктоо сөзүндө Жапаров учурда ата мекендик тоо-кен — геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзөөрүн жана алар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине жалпы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 млрд сом төлөшкөнүн айтты.

Ошону менен бирге ал чакан жана орто бизнес боюнча долбоорлорду каржылоо багытында рекультивация фонддорунун каражаттары мамлекеттик банктарда топтоло баштаганын, кен чыккан жерлерди иштетүүгө, ишке киргизүүгө инвестиция тартууга түрткү берүү максатында лицензияларды кармоо үчүн ставкалар өзгөртүлгөнүн кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тенденциялар геология тармагын өнүктүрүү жаатында башкаруу, заманбап технологияларды колдонуу жана өлкө аймагында масштабдуу, системалуу изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу иш-аракеттерде жаңы ыкмаларды киргизүүгө түрткү берет. Мындай заманбап ыкмаларды адистерибиз ыкчам өздөштүрүп, колдонууга тез арада киргизерине бекем ишенем.

Ата мекендик геологияны өнүктүрүү үчүн салым кошкон, тажрыйбасы мол ардагерлерге да өзгөчө ыраазылык билдирем!» – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана