«А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанкты» кошумча 80 млн сомго капиталдаштырат

«А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанкты» кошумча 80 млн сомго капиталдаштырат

«ФинансКредитБанк» ААКтын негизги акционери болгон «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы банкты кошумча 80 млн сомго капиталдаштырмакчы. Мындай чечим 30-мартта «ФинансКредитБанктын» акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынды.

Жөнөкөй акциялардын жеке эмиссиясынын натыйжасында банктын уставдык капиталы 790 млн сомго чейин көбөйөт.

Акциялар 2023-жылдын 31-мартына чейин жабык жазылуу жолу менен жайгаштырылат. Баалуу кагаздардын бирден-бир сатып алуучусу болуп КК «А Плюс» ЖАК аныкталган.

Кошумча капиталдаштыруудан тышкары, «ФинансКредитБанктын» акционерлеринин жылдык чогулушунда банктын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 7 млн 307 миң сом өлчөмүндөгү чыгымы белгиленген.

Ошондой эле акционерлердин жыйынында «ФинансКредитБанктын» 2022-жылга финансылык отчетунун тышкы аудитору болуп «Кыргызаудит» компаниясы бекитилди.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–