Авиакомпания, эки учак – президенттин жаңы кеңешчисинин кандай бизнестери бар?

Авиакомпания, эки учак – президенттин жаңы кеңешчисинин кандай бизнестери бар?

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тентишев Эркин Саткынбаевич президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тентишев кеңешчи болуп дайындалганга чейин президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, бул кызматка чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызматына киришкен Тентишев журналисттерге кыскача маек куруп, анда эки учакты өз каражатына сатып алганын айтты.

 osoo.kg сайтынын маалымат базасына ылайык, Эркин Тентишев бир нече компаниялардын ээси жана тең негиздөөчүсү болуп саналат, тагыраак айтканда:

  • «Эркин Эйр» ЖЧК (авиакомпания)
  • «АВЕС» ЖЧК (брондоо жана туризм тармагындагы башка иш-чаралар)
  • ЖЧК «Ультра Проф Сервис» коопсуздук жана детективдик агенттиги (жеке күзөтчүлөрдүн жана жеке күзөт бюролорунун ишмердүүлүгү)
  • «Тентишев Саткынбай атындагы Азия медициналык институту» ЖЧК (Жалпы медициналык практика жаатындагы ишмердүүлүк)
  • «ТРАСТ-АЗИЯ» ЖЧК (Бодо малды асылдандыруу)
  • «Бирге элим» (Гезиттерди чыгаруу).

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана