Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Нарын облусунун 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү. Анда аймактын экономикасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу багытында аткарылган иштер талкууланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде облустун өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 %дан ашык өскөн. Жыл ичинде 95 жаңы ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлгөн. Капиталдык салымдардын көлөмү 27 млрд сомго жакындап, жети эседен ашык көбөйгөн.

Курулуш тармагында 128 объект камтылып, аларга 14 млрд сомдон ашык каражат каралган. Жол курууда 154 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүп, 275 чакырымга жакын жол жарыктандырылган.

Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытында мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана спорттук объектилер курулуп, оңдолгон. Облуста 51 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилип, Нарын шаарында жана Кочкор районунда 216 жана 217 батирлүү ипотекалык үйлөр ачылган.

Энергетика тармагында 100 мегаваттык Куланак ГЭСинин, чакан ГЭСтердин жана күн электр станцияларынын курулушу уланууда. Айыл чарбасында 47 миң гектардан ашык жерге эгин себилип, 821 дыйканга 593 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилген.

Мындан тышкары, туризм, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында да иштер жүргүзүлүүдө. Облустук ооруканага алгачкы жолу ангиограф аппараты орнотулуп, Нарын шаарында республикада алгачкы заманбап Маданий борбор ачылган.

Алдыда облустун социалдык инфраструктурасын, туризмин, өнөр жайын жана жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди