Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлдү – ай сайын 26 млрд сом керектелет
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө социалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөнүн айтты.
Бул билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүндөгүлөргө тиешелүү.
Аталган тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга кошумча керектөө 26 млрд сомду түзөт.
