«Кайыңды-Кант» кумшекер чыгарган заводдун акционерлери 123 млн сомдон дивиденд алышат

«Кайыңды-Кант» кумшекер чыгарган заводдун акционерлери 123 млн сомдон дивиденд алышат

«Кайыңды-Кант» кант заводунун акционерлери 2021-жылы 122 млн 625 миң сомдон дивиденд алышат. Бул тууралуу маалымат заводдун акционерлеринин 31-мартта өткөн жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгында айтылды.

Акционерлердин чогулушунда башка маселелер менен катар 2021-жылга 490 млн 498 миң сомду түзгөн пайданы бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алынды.

367 млн 874 миң сом өлчөмүндөгү пайданын басымдуу бөлүгүн (75%) заводдун карамагында калтыруу чечими кабыл алынган.

Таза пайданын калган 25%ы акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат – бул 122 млн 625 миң сомду түзөт. Бир акцияга дивиденддин суммасы 52.8 сомду түздү.


Белгилей кетсек, «Кайыңды-Кант» ААКтын маалыматы боюнча 872 адам компаниянын акционерлери болуп саналат. 5%дан ашык үлүшү бар акционерлер жөнүндө маалыматтар акционердик коомдун отчетунда көрсөтүлбөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–