Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен келишимге бүгүн түз эфирде кол коет

Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен келишимге бүгүн түз эфирде кол коет

Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт.

«Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, «Көчмөндөр мурасы» атуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз», — деди Жапаров.


«Центерра Голд» жөнгө салуу келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат деп күтүүдө:

  • «Центерра Голд» «Кыргызалтын» ААКга таандык «Центерра Голддун» 26.1%га жакын жөнөкөй акцияларын алат ( КР мамлекеттик үлүшү 100%). Акцияларды алгандан кийин Centerra Gold аларды жокко чыгарат.
  • Кыргызстан «Центерра Голддун» Кыргызстандагы эки туунду компаниясы («Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани») үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат.
  • «Центерра Голд» Кыргызстанга 2021-жылдын дивиденддерин төлөп берет, себеби, «Кыргызалтын» ААК кенди чыгаруунун натыйжасында албай калган.
  • Centerra Gold анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы компаниялар аралык баланстарды жөнгө салууга байланыштуу «белгилүү бир каржылык сый акыларды» төлөп берет.
  • «Кыргызалтын» ААКтын эки талапкери «Центерра Голд» директорлор кеңешинин курамынан чыгат.
  • Тараптар бардык дооматтарын толугу менен жана биротоло алып салышат жана жоопкерчиликти мойнуна албастан бардык юрисдикциялардагы соттук териштирүүлөрдү токтотушат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана