«Манас» аэропорту жазгы-жайкы графикке өттү. Кайсы өлкөлөргө учса болот?

«Манас» аэропорту жазгы-жайкы графикке өттү. Кайсы өлкөлөргө учса болот?

«Манас» эл аралык  аэропорту жазгы-жайкы график менен иштей баштады. Жаңы  график 2022-жылдын 27-мартынан баштап 29-октябрына чейин созулат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Жаңыланган графикке ылайык, Бишкектен түз аба каттамдары дүйнөнүн сегиз өлкөсүнүн 18 шаарына, ошондой эле жакында эле Раззаков шаары деп өзгөртүлгөн Исфана, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына ички алты каттам аткарылат.

Багыттар боюнча:

Казакстан

  • Алматы – Бишкек – Алматы. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Түркстан – Бишкек – Түркстан. «Флай Арыстан» авиакомпаниясы, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү
  • Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;

Өзбекстан

  • Ташкент – Бишкек – Ташкент. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби, ишемби күндөрү.

Түркия

  • Стамбул – Бишкек. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Стамбул – Бишкек – Бишкек. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам
  • Анталия – Бишкек – Анталия. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби күндөрү.

БАЭ

  • Дубай – Бишкек – Дубай. «Флай Дубай» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Шарджа – Бишкек – Шарджа. «Эйр Арабия» авиакомпаниясы, шаршемби, жума, ишемби, жекшемби күндөрү.

Кувейт:

  • Кувейт – Бишкек – Кувейт. «Аль-Жазира» авиакомпаниясы, шаршемби жана жума күндөрү.

Монголия: 

  • Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор. «Хунну Эйр» авиакомпаниясы, ишемби күндөрү.

Иран: 

Мешхед – Бишкек-Мешхед. «Вареш Эйрлайнз», авиакомпаниясы, бейшемби күндөрү.

Россия (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

  • Москва – Бишкек – Москва. «Аэрофлот» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам
  • Москва – Бишкек – Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Бишкек – Москва – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Екатеринбург – Бишкек – Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, шаршемби күнү
  • Новосибирск – Бишкек – Новосибирск. «Сибирь» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Бишкек – Новосибирск – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, шейшемби, жума күндөрү
  • Бишкек – Иркутск – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, бейшемби күнү
  • Бишкек – Казань – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, дүйшөмбү күнү
  • Бишкек – Красноярск – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, шейшемби күнү
  • Самара – Бишкек – Казань. «Северный ветер» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу
  • Казань-Бишкек-Самара. «Северный ветер» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу.

Ички авиакаттамдар

  • Бишкек – Ош – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күнүнө 2 каттам
  • Бишкек – Ош – Бишкек. «Эйр Манас» авиакомпаниясы, күн сайын
  • Бишкек – Ош – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, күнүнө 5 каттам
  • Бишкек – Баткен – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам
  • Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 3 каттам
  • Бишкек – Исфана – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана