Садыр Жапаров айлык акыларды дээрлик 100%га көтөргөнүн жар салды

Садыр Жапаров айлык акыларды дээрлик 100%га көтөргөнүн жар салды

Президент Садыр Жапаров  бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө социалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөнүн айтты.

Анда президент бир нече министрликтер боюнча айлык акыларды жогорулатуу жөнүндө чечимди кабыл алгандыгын жарыялады.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз. Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100%га көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды. Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми 28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча да биз айлыкты орточо 2 эсеге жогорулаттык», – деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жеткенин, бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын жана кийинки жылга 500 миллиардга жеткирүү милдетин коюп жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана