Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстандан 317 млн долларга товар сатып алган – мурдагы жылга караганда 68%га көп

Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстандан 317 млн долларга товар сатып алган – мурдагы жылга караганда 68%га көп

2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 497 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын акимдер Кеңешинин, КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген төртүнчү жыйынынга катышуу учурунда айтылды.

2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 497 млн долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 45.3%га өстү. Анын ичинде экспорт 180.1 млн долларды түзсө (18%га), импорт 316.9 млн долларга (68%га көп) өскөн.

Амангелдиев өз сөзүндө КР менен Өзбекстандын чек арадагы кызматташтыгы кыргыз-өзбек мамилелеринин ажырагыс жана негизги бөлүгү болуп саналаарын белгиледи. «Соода, экономикалык, инвестициялык байланыштарды көбөйтүү жана диверсификациялоо, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы ишкер байланыштарды жана маданий иш-тажрыйба алмашууну кеңейтүү, жалпысынан көп тармактуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүү фактору болуп саналат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана