Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана дан экспорттоого мурда киргизилген тыюу салууну алып салды

РФнын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө буудай жана дан эгиндерин экспорттоого киргизилген тыюу салууну алып салды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, төмөндөгү дан азыктарын кайрадан импорттоп баштаганга болот.

  • буудай жана меслин
  • кара буудай үрөнү
  • арпа
  • жүгөрү

Эскерте кетсек, мурдараак Россия (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу. «Чечимдер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жана азыркы шарттарда ички рынокту коргоого жардам берет», – деп түшүндүргөн эле РФнын Экономика министрлигинин өкүлү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү