«Айыл Банктын» башкармалыгына үч жаңы мүчө шайланды

«Айыл Банктын» башкармалыгынын курамына үч жаңы мүчө шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Белгиленгендей, директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары Б.Р. Асанбаевдин жана Ч.К. Сатылганованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Анын ордуна директорлор кеңешине төмөндөгү талапкерлер шайланышты:

  • Норузбаев Жанар Жолдошбекович
  • Эржанов Максат Советбекович
  • Турбатова Диана Радмировна.

Ошондой эле буга чейин аталган банктын акционерлеринин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директорлор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кеңешке Назгүл Алакова менен Нурай Марс шайланганы маалым болгон эле.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу