Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу
Жайыттарды колдонуу, башкаруу боюнча атайын программа бекитилди. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтймында, 2030-жылга чейин 8000 чакырымдан ашык жолдор оңдолуп, 700дөн ашык көпүрө салынат. Марсбек уулу белгилегендей, 100 миң гектарга жакын деградация учураган жерлерге жайыт үрөндөрү себилип, зыяндуу отоо чөптөр баскан аянттар тазаланат. Ошондой эле 1 млн гектарга жакын жайыт жерлер эс алдырылмакчы.
"Жайыттарда малчылардан чийки сүт жана сүт азыктарын сатып алуучу 200гө жакын пункт ачылат", - деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу