Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында КРгы алтын кендердин лицензияларын жана келишимдерди карап чыгууну сунуштады.

Эл өкүлү «Каз Минералз Бозымчак» (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), «Чаарат Заав» (Чаарат), «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек), «Чаарат Түлкү Баш», «Иштамберди», «Куран Жайлоо»  сыяктуу алтын кендери менен сөзсүз түрдө келишимдерди кайра карап чыгуу керектигин айтты.

«Аларга мамлекеттин 30%дан кем эмес үлүшүн киргизишибиз керек. Мыйзам артка күчү жок деп эле отура беребизби. Биздин элдин байлыгын сыртка тоноп-ташып чыгып кетише береби? Ушул маселени чечүүгө бел байлашыбыз керек», – деди Токторбаев.

Депутат аталган компаниялардын баарына өзүнүн атынан суроо жөнөткөнүн, кийинки жыйындарда анын жыйынтыгын айтаарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу