Ички валюта рыногунда сунушка караганда суроо-талап жогору – Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлгөнүнө түшүндүрмө берди

Ички валюта рыногунда сунушка караганда суроо-талап жогору – Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлгөнүнө түшүндүрмө берди

Улуттук банк учурда доллардын наркынын көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу билдирүү жасады.

Анда регулятор өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы саясаты алкагында АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүп жатканын билдирди.  

«Азыркы учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда, бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу

Зарылчылыгына жараша, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө жана валюта рыногундагы туруктуу жагдайды колдоо максатында, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тиешелүү чараларды көрө алат, анткени, жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ», – дейт УБ. 

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2022-жылдын 5-апрелине карата абал боюнча 2.6 млн долларды түзөт жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6 айын жабат.  

Эскерте кетсек, жыл башынан тартып 5-апрель аралыгында, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк 284.30 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча 5 интервенция жана доллар түшө баштаганда 19.90 млн доллар суммасында сатып алуу боюнча 2 интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264.40 млн АКШ долларын түзгөн.  

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана