Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда доллардын курсу бир суткада 4-5 сомго көтөрүлдү. Бугүн, 6-апрелде саат 10:45ге карата банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 92.8 сомдон сатып алып, 94.8 сомдон сатышууда.

Эске салсак, доллар кечээ эле 88.3 сомдон сатылып алынып, 89.9 сомдон сатылып жаткан эле. Ал эми valuta.kg порталы берген маалыматка таянсак, бүгүн эртең менен 1 доллардын сатып алуу 92.8 сомдун айланасында болсо, сатуу наркы учурда 94.8сомду түзүүдө. Ошол эле кезде комбанктар 1 долларды 95 сомдон сатышууда.

Ал эми Улуттук банктын 6-апрелге карата расмий курсу 85.7 сомду (-0.08%) түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

2026-жылдын I чейрегинде мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери жылдык салыштырмада 37%га өскөнүн Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун салыштыруу көрсөткөн. Жалпысынан республикада салыктар түрүндө 129,2 млрд сом жыйналган — бул 2025-жылдын I чейрегине караганда 35 млрд сомго көп. Бул сумманын ичинен: * республикалык бюджетке — 117,2 млрд сом * жергиликтүү бюджеттерге (шаар

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт. Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек. Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда. Ошол эле учурда ал чоң секирик

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

Өткөн жылы Кыргызстанда орнотулган 500 миң "акылдуу" эсептегич Кытайдан 14 млн долларга сатылып алынганын Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов ири каражаттар өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, ата мекендик өндүрүүчүлөр бар же жок экенине кызыкты. Өмүрбек Жеңишбековдун

Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын саясат жана маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров, Эдил Байсаловго Кыргызстандын эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку