Министрлер кабинетине «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу тапшырылды

Министрлер кабинетине «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу тапшырылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Тескеменин максаты жана тапшырмасы — КРга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.

Бул буйрукка ылайык, Министрлер кабинетине тескемени аткаруу үчүн төмөнкүлөр тапшырылды:

  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу
  • КРга келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрүү
  • «Бишкек» ЭЭАнын жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыксын
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана