Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет

«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын өкүлү Айзада Мамбеткул кызы Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирерин Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.

Ал билдиргендей, «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы 230 млн доллар инвестиция салган.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы 2015-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, 2018-жылдан тарта курулуш иштерин жүргүзүп келди. Ушул жылдын май айында алтын кен ишканасы ишин баштоо алдында турат», – деди ал.

Эскерте кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75%ы «Эти Бакыр» түркиялык Cengiz Holding конгломератына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу