Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун онлайн берүүгө милдеттүү

Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын январынан тартып, салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) кабарлайт.

Ушуга байланыштуу, МСК отчетторду Salyk.kg сайтынын «жеке кабинети» аркылуу тапшыруу керектигин, жөнөкөй кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуу мүмкүн эместигин билдирет.

Отчетторду квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшыруу зарыл.

МСК уюмдарды отчетторду берүү үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырат.

Булуттуу электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын салык органдарынын бирдиктүү терезелеринен, ошондой эле Бишкек шаары боюнча ишкерлерди тейлөө борборунан (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат) акысыз алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда

Нарын облусунда 9 айда 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу