«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү
Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы апрель айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5.3 млрд сом салык төлөсө, анын 2.9 млрд сому алтынды саткан кирешеден түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.
Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 313 млн 454 миң сом төлөнүп, анын ичинен:
- Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 156 млн 727 миң сом
- Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 94 млн 36миң сом
- Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 62 млн 690 миң сом бөлүнгөн.
Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 693 кызматкер иштейт:
- Бишкектен – 96 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
- башка аймактардан – 202 кызматкер (28%)
- Талас облусунан – 405 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 159 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).
Ошондой эле белгилей кетсек, учурда Жерүйдө балык өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты изилденип жатат. Талас районунун дарыяларында көп жылдардан бери биринчи жолу балык кайрадан өстүрүлүп баштамакчы.