Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп кеткен. Натыйжада сатуу баасы фермерлердин чыгымдарын жаппай калышы мүмкүн.

Төрөбаев белгилегендей, негизги багыттардын бири — айыл чарба жерлерин туруктуу жана натыйжалуу суу менен камсыз кылуу. Бул үчүн ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде тамчылатып сугарууну киргизүү жана каналдарды модернизациялоо каралууда.

Министр өлкөдө Батыш чоң Чүй каналы, Чыгыш чоң Чүй каналы жана Түштү чоң Чүй каналы иштеп жатканын маалымдады.

Батыш Чоң Чүй каналынын узундугу 146 чакырымды түзөт, анын ичинен болгону 3,9 чакырымы бетон менен капталган. Чыгыш Чоң Чүй каналы 97 чакырымга созулуп, 10 чакырымы гана бетон менен бекемделген. Ал эми узундугу 36 чакырым болгон Түштүк Чоң Чүй каналынын 5,8 чакырымы бетон менен капталган.

"Каналдардын басымдуу бөлүгү топурактан болгондуктан, суу жоготуулары өтө чоң", — деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media