Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышын карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Курулуш иштеринин 80%га аткарылганы жана пландалган 36 айлык мөөнөт 24 айга кыскартылганы маалымдалды. Станциянын жылдык өндүрүшү 600 млн кВт/саатты түзөт жана инвестициянын көлөмү 2027-жылдын февралына карата 280 млн АКШ долларына жетет. Алгачкы 100 МВт кубаттуулуктагы фазаны 2026-жылдын августунда, кийинки фазаларды 2027-жылдын августунда ишке киргизүү пландалууда.

Андан сырткары, Адылбек Касымалиев вьетнамдык "Рокс Энержи Глобал" компаниясы тарабынан Кызыл-Орук айылында курулуудагы "Ысык-Көл-1" күн электр станциясы менен таанышты. Бул масштабдуу долбоор жалпы кубаттуулугу 1 900 МВт, инвестиция көлөмү 1,4 миллиард АКШ доллары, жыл сайын 3,6 миллиард кВт/саат экологиялык таза электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Станциянын курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт.

Адылбек Касымалиев инвесторлордун активдүүлүгүн жана долбоорлорду ишке ашыруу темпин жогору баалап, мамлекеттин инвестицияларды колдоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы даярдыгын белгиледи.

Бул иш сапар Кыргызстандын энергетикалык секторундагы инвестициялык долбоорлордун натыйжалуу жана ылдам ишке ашышын көрсөтүп, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media