Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Президент кечээ дагы бир Жарлыкка кол койгонун айтты.

«Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла!

Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет», – деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо, иштөөгө тыюу салынаары тууралуу жарлыкка кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышын карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Курулуш

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" Атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Кызматташынын айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү жана бул аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуучу, ошондой эле заманбап логистикалык хабга