180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар
2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100%га жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.