2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8.7% азайды жана 1.6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

2021-жылы республиканын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүшкөн.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9.1% кыскарды жана 1.3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга жана 30% ашыгы кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга туура келген.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 млн сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынган, бул 2020-жылга караганда 18.2 млн сомго аз.

2021-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 266 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 1.7 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 88% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келген.

Ошондой эле ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 70% туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышын карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Курулуш

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" Атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Кызматташынын айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү жана бул аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуучу, ошондой эле заманбап логистикалык хабга