30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

Кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы гранттык макулдашуу үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мындай маалыматты Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов да өзүнүн Facebook баракчасында тастыктап, бул кайтарымсыз гранттык каражат кайда жумшалаарын айтты.

Анын айтымында, долбоордун иш аракети менен 27.6 млн тоннага жакын CO2 эквиваленти сиңирилишине көмөк көрсөтүлөт деп болжолдонууда, алар төмөндөгүлөр аркылуу ишке ашырылат:

  • токойлорду калыбына келтирүү – катуу жабыркаган 6 миң гектарбак-дарактарды отургузуу
  • 644 миң гектарга жакын бузулган жайыттарды кайра калыбына келтирүү
  • 56 миң гектарга жакын токойлорду жакшыртуу
  • 90 миңге жакын аярлуу үй-бүлөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу.

Долбоордун негизги максатуу тобу болуп 3 область жана 4 район тандалып алынган:

  • Нарын облусунун Ак-Талаа району
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондору
  • Ош облусунун Өзгөн району.

Долбоордун аткаруу мөөнөтү 8 жыл. Келишим толугу менен грант каражаты. Гранттын суммасы – 29.9 млн доллар. Аталган макулдашуу долбоору ЖК депутаттары тарабынан 3 окууда кабыл алынды.

«Долбоордук макулдашуунун негизги милдети көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу болуп саналат. Бул токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестицияны колдоо көрсөтүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууда экосистемалык катышууга жана экологиялык багыттагы өсүүгө каралган инвестицияларга негизделген, институционалдык колдоо аркылуу, деградацияны жана абаны булгоочу заттарды пайда кылган факторлорду төмөндөтүү жолу менен жүргүзүлөт», – деди Шерипов.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышын карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Курулуш

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" Атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Кызматташынын айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү жана бул аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуучу, ошондой эле заманбап логистикалык хабга