Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 6 млрд 349 млн 525.3 миң сомдук каржы бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде төмөндөгү каржылык бузуулар болгон:

  • товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 22 млн 165.4 миң сом
  • эмгек акыны негизсиз төлөө – 22 млн 556.7 миң сом
  • товардык-материалдык баалуулуктардын эсептен туура эмес чыгаруу – 107 млн 868.4 миң сом
  • курулуш иштеринин наркын жогорулатуу – 14 млн 447.0 миң сом
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 350 млн 599.3 миң сом
  • бюджеттик ссудаларды, кредиттерди максатсыз пайдалануу – 19 млн 877.8 миң сом
  • эсептен жашырылган дебитордук жана ашырылган кредитордук карыздар – 2 млрд 383 млн 677.3 миң сом
  • жергиликтүү бюджеттерден башка деңгээлдеги бюджеттерге негизсиз бөлүнгөн каражаттар – 1 млрд 580 млн 130.5 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык Жер ресурстар башкармалыгынын 2019-жылдын 1-январына карата муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн келип чыккан (пайда болгон) 1 млрд 104.8 млн сомдук, жылдык отчетто чагылдырылбаган дебитордук карыздары шаардык бюджеттин кирешесин пландаштырууда жана бюджетти бекитүүдө эске алынган эмес жана болжолдуу пландын кирешесине кошулбаган. Натыйжада, бюджеттин киреше бөлүгү 1 млрд 104.8 млн сомго негизсиз төмөндөтүлгөн.

2019-жылдын январь-май айларында шаардык жергиликтүү бюджеттен Мэриянын жана ведомствого караштуу мекемелеринин кызматкерлерине жана жол киреге жана тамак-ашка деп 10 млн 715.9 миң сом чыгымдалган.

Мындан тышкары, 2019-жылдын май-декабрь айларында жергиликтүү бюджеттен кызматкерлерге өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткарганы үчүн кызматкерлердин кызматтык маянасына эки айлык акы жана бир айлык акы өлчөмүндө ай сайын төлөнүүчү үстөктөргө 77 млн 7 миң сом чыгымдалган. Ал эми 2020-жылы бул багыттагы чыгымдар 286 млн 95.8 миң сомду түзгөн.

2019-2020-жылдары шаардын бюджетинен 88 млн. 888,6 миң сом (анын ичинен 22 млн 556.7 миң сом – КРнын Өкмөтүнүн токтомдорун бузуу менен) эмгектин зыяндуу шарттары үчүн төлөнүп берилген.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган айрым каржы бузуулар боюнча материалдар КРнын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жиберилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Ысык-Көлдө күн электр станцияларынын курулушу активдүү жүрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышын карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тору-Айгыр айылында "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди. Курулуш

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

Батыш, Чыгыш, Түштүк ЧЧКлары бетондолот

"Агродиалог" форумунда Бакыт Төрөбаев дыйканчылыктын өздүк наркын төмөндөтүү жана суунун жоготууларын азайтуу максатында Чоң Чүй каналдарын этап-этабы менен бетон менен каптоо пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк айыл чарба продукциясынын баалары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мисалы, фасольдун дүйнөлүк базардагы баасы 1600 доллардан 900 долларга чейин түшүп

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен.

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

"Тамчы" финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы "Тамчы" Атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Кызматташынын айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү жана бул аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуучу, ошондой эле заманбап логистикалык хабга