«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн
«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 218 млн 217 миң сом КРнын бюджетине салыктарды жана Социалдык фондго каражат чегерген.
«Анын ичинен 2021-жылы компания казынаны 1 млрд 102 млн 651 миң сомго толуктаган», – деп айтылат билдирүүдө.