ОКӨФ томат пастасын өндүргөн ишкананы насыялайт
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) томат пастасын өндүрүүнү кеңейтүүгө каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорду «Кооппромсервис» өндүрүштүк бирикмеси» ЖЧК ишке ашырууда.
«Кургак заттын курамы 30-32% болгон концентраттык томат пастасын өндүрүү ишке киргизилет. Кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. ОКӨФ КРнын президенти тарабынан экономиканы модернизациялоо жана чыңдоо боюнча коюлган милдеттерди аткарууда. Бул иштин негизги багыттарынын бири агроөнөр жай комплексин жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү болуп саналат», – деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, томат пастасы жергиликтүү дыйкандар өстүргөн чийки жашылчалардан жасалат. Долбоор мультипликативдик таасир берип, помидор саткан дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө жардам берет.