Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечип салууну чечти – бирок бир шарт койду

Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечип салууну чечти – бирок бир шарт койду

Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечти. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

«Же боорукерлигиненби, же жакырлыгыбызды түшүндүбү, Германия биздин 14 млн 900 миң евро карызыбызды кечүүнү чечти. Карызды кечирүү бир шарт менен болду. Кечиримдүүлүктөн эч кандай сабак албасыбызды түшүнгөн немецтер бул акчаны эки жылдын ичинде Кыргызстандын аз камсыз болгон жарандарына ипотекалык насыя берүүгө жумшоону суранышууда», – деди Бекешев.

Депутаттын билдиргенине караганда, КР Финансы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга жарандарга насыя берүү үчүн ар сегиз ай сайын (үч жолу) дээрлик 5 млн евродон берип турат жана анын пайызынын бир бөлүгүн өзүнө алат. Ипотека Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка бардык жарандарга берилет.

Депутат ошондой эле макулдашуу долбоору бюджеттик комитетте карала тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлду

23-январда Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу жана пайдалануу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Документ долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) принциптеринин негизинде ишке ашырууга кызыкдар болгон тараптардын ниеттерин бекемдеди. Меморандумга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Бишкек шаарынын

Тамак-ашка буйрутма бергендерге 10% арзандатуу киргизилет

Тамак-ашка буйрутма бергендерге 10% арзандатуу киргизилет

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы кафе жана ресторандардын өкүлдөрү менен коомдук тамактануу кызматтарынын бааларын түзүү маселеси боюнча тегерек стол өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Өкмөттүн №560 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр талкууланып, тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынары жана бардык

“Росатом” Кыргызстандын энергетикасына кайра жаралуучу технологияны киргизет

“Росатом” Кыргызстандын энергетикасына кайра жаралуучу технологияны киргизет

Бүгүн Бишкекте, “Росатомдун” отун дивизиону (“Аддетивдик технология” бизнес багыты ), Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ), о.э “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын КРгы өкүлчүлүгү жана "Бока Гидро КГ" инженердик компаниясы республиканын кайра жаралуучу энергетика тармагында аддетивдик өндүрүш технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Кеп үч

Ош-Кашкар эл аралык аба каттамын ачуу талкууланды

Ош-Кашкар эл аралык аба каттамын ачуу талкууланды

"Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы менен Кытайдын авиакурулуш корпорациясы COMAC ортосунда Ош – Кашкар багыты боюнча эл аралык авиакаттам ачуу маселеси талкууланды. Компаниянын маалыматына ылайык, жаңы авиакаттамды ишке киргизүү ушул жылдын апрель айына пландалууда. Иштиктүү жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу авиациялык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маршруттук тармакты