“Росатом” Кыргызстандын энергетикасына кайра жаралуучу технологияны киргизет

“Росатом” Кыргызстандын энергетикасына кайра жаралуучу технологияны киргизет

Бүгүн Бишкекте, “Росатомдун” отун дивизиону (“Аддетивдик технология” бизнес багыты ), Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ), о.э “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын КРгы өкүлчүлүгү жана "Бока Гидро КГ" инженердик компаниясы республиканын кайра жаралуучу энергетика тармагында аддетивдик өндүрүш технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Кеп үч баскычтуу басып чыгаруу технологияны колдонуу менен жаңы жана бар болгон гидроэнергетикалык объектилер үчүн жабдууларды өндүрүү тууралуу макулдашуу жөнүндө болуп жатат. Кызматташтык ар түрдүү форматта, биргелешкен долбоорго чейинки жана долбоордун документин даярдоодон баштап, кызыкдар буйрутма берүүчүлөргө жабдууларды жана алардын тетиктерин жеткирип берүүгө чейин ишке ашырат.

"“Росатом”-жогорку технологиялуу принтерлерди, металл порошокторун сериялык өндүрүүдөн баштап, персоналды окутууга жана сервистик тейлөөгө чейинки аддетивдик технологиянын циклинин баарын камтыган уникалдуу компетенцияга ээ. Биз аларды Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында колдонуунун олуттуу потенциалын көрүп жатабыз жана бул көп тараптуу өнөктөштүктүн алкагындагы тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Бизде аддетивдик технолгия борборлорунун кеңири аймактык тармагы өнүктүрүлүүдө, бул жааттагы эл аралык кызматташтыкта ​​жана ал тургай аддетивдик өндүрүштү чет өлкөдө локалдаштырууда тажрыйбабыз топтолгон", - деп белгиледи “Росатомдун” Отун дивизионунун “Аддитивдик технологиялар” бизнес-багытынын директору Илья Кавелашвили.

Мындан тышкары, КРСУнун кампусунда гидроэнергетика боюнча долбоордун кеңсесинин ачылышы күндүн негизги окуясы болуп калды. “Росатомдун” катышуусу менен уюштурулган кеңсе биринчи этапта чакан жана орто ГЭС үчүн техникалык-экономикалык негиздемелерди жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга багытталат.

Кеңсе жөн гана билим берүү бөлүмү катары эмес, “Росатомдун” тажрыйбасын, КРСУнун илимий потенциалын жана "Бока Гидро КГ" компаниясынын технологиялык тажрыйбасын айкалыштырган интеллектуалдык борбор жана эл аралык моделдик платформа катары каралган.

"КРСУнун базасындагы долбоордук кеңсе КРнын инженердик элитасын окутуу үчүн шарттарды түзөт. Биз жөн гана студенттерди окутпайбыз, биз аларга азыркы учурда дүйнөнү өзгөртүп жаткан технологиялардын практикасын колдонууга мүмкүндүк беребиз. Бул идеялардын тез эле өндүрүшкө өтүшүн камсыздайт жана республиканын технологиялык эгемендүүлүгүнө кепилдик берет", - деп белгиледи КРСУнун ректору Сергей Волков.

Маалымат үчүн:

Росатом мамлекеттик корпорациясынын («ТВЭЛ» АК) отун дивизионуна - ядролук отун өндүрүү, уранды конверсиялоо жана байытуу, газдык центрифуганы өндүрүү боюнча ишканалар, ошондой эле илимий изилдөө жана долбоорлоо уюмдары кирет. Ал ядролук отун менен Россиянын АЭС үчүн жалгыз камсыздоочусу болуп саналат, ТВЭЛ жалпысынан 15 өлкөнү 70тен ашык энергетикалык реактор менен камсыздайт, тогуз өлкөдөгү изилдөө реакторлоруна жана Россиянын атомдук флоту үчүн кыймылдаткыч реакторлорго отун жеткирип турат.

Дүйнө жүзү боюнча ар бир алтынчы энергетикалык реактор «ТВЭЛ»  отуну менен иштейт. Отун дивизиону дүйнөдөгү эң ири байытылган уран өндүрүүчүсү жана дүйнөлүк туруктуу изотоптор рыногунда лидер болуп саналат. Дивизиондо химия, металлургия, энергияны сактоо технологиялары, 3D басып чыгаруу, санариптик продуктылар жана о.э ядролук объектилерди эксплуатациядан чыгаруу тармагында жаңы бизнестерди активдүү өнүктүрүп жатат. Контурда “Росатомдун” аддитивдик технология жана  энергия сактоо системалары боюнча тармактык  интеграторлору түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media