Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады

Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады

2022-жылдын январь-март айларында финансы секторунда 24.4 млрд сом киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.5 эсеге көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 93%ын банк сектору камсыздады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 30%га көбөйгөн жана 12.6 млрд сомду түзгөн.

2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 11.8 млрд сом суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен дээрлик эки эсеге ашкан.

Пайданын өсүшүнүн суммасынын дээрлик 75%ы Улуттук банк жана 22% – коммерциялык банктар менен камсыздалды.

I кварталында экономиканын финансы секторунун пайдасы

(млрд. сом)

2022-жылдын январь-мартында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 61% түздү, ал эми уюмдардын 16% чыгым алды.

Бул жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 591 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 күрөөканалар, 146 микрокредиттик уюмдар, 97 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

Чыгармачылык контент жаратуучулар жасалма интеллекттин таасиринен улам 2028-жылга чейин кирешесинин 24%ына чейин жоготушу мүмкүн, бул искусственный интеллекттин (ИИ) таасиринен улам. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы билдирген. Маданий жана чыгармачылык индустриялар экономикалык өсүш жана туруктуу өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп жаткандыгы менен, аларды колдогон инфратүзүм дагы эле алсыз бойдон калууда. Докладдын маалыматы