BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты.

Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды.

Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция

Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө мааниге ээ: BAKAIдын көптөгөн кызматкерлери - ушул техникумдун бүтүрүүчүлөрү. Окуу жайды колдоо өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү кадам болду.

Долбоордун алкагында кабинетке толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү -жарыктандыруу жаңыртылып, жаңы эмеректер сатып алынып, заманбап техника орнотулуп, билим алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Кабинет студенттер экономиканын реалдуу сектору жана заманбап банк иши менен байланышты сезиши үчүн BAKAIдын корпоративдик стилинде жасалгаланды.

Билим берүү - стратегиялык артыкчылык

"Биз үчүн бүгүн банктагы кесипкөй команданы түзүп жаткан бүтүрүүчүлөрү бар окуу жайды колдоо символикалуу. Бул кабинет каржы тармагынын келечектеги лидерлери калыптанган жерге айлансын", - деп белгиледи "Бакай Банк" ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси Умут Абакирова.

Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Лариса Ченгиз банк билим берүүгө системалуу түрдө инвестиция саларын белгиледи:

"Биз келечектеги адистер үчүн кесиптик пайдубал калыптанган шарттарды түзүүгө умтулабыз. Бул кабинет - жөн гана жаңыланган окуу бөлмөсү эмес, мүмкүнчүлүктөрдүн жана карьералык өсүштүн символу".

BAKAI билим берүү мекемелери менен өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, Кыргызстандын каржы тармагы үчүн жаңы муундагы адистер калыптанган чөйрөнү өнүктүрүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен