Россия менен Казакстандын чек араларын поезд менен кесип өтүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча талаптар айтылды

Россия менен Казакстандын чек араларын поезд менен кесип өтүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча талаптар айтылды

«Кыргыз темир жолу» эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде жүрүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча Россия жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын кесип өтүү тартибин эске салат.

Казакстан

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, поездге түшүү үчүн COVID-19га карата ПЦР тесттин терс жыйынтыгы менен (казак, орус же англис тилдеринде), берилген күндөн тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтпөгөн маалымкат талап кылынат.

Маалымкатты көрсөтүүсүн талап кылынбагандар:

1.     5 жашка чейинки балдар, аларды коштоп жүргөн адамдарда маалымкаты бар болсо

2.     Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрү

3.     Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждары

4.     Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда Казакстанда ревакцинацияны же COVID -19га каршы эмдөөнүн толук курсун алган адамдар, эгер экинчи компонентти алгандан кийин 6 айдан ашык убакыт өтпөсө, буларды тастыктоочу документти көрсөтүү менен

5.     Казакстандын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.

Казакстандын аймагына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагынан, ошондой эле Азербайжандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагынан келген адамдар Маалымкатты көрсөтүшөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Россия

Россиянын темир жол транспортунун буйругун аткаруу үчүн, поездге отургузуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынан жана темир жол транспортунда ташуу иштери менен байланышкан адамдарды кошпогондо, жүргүнчүлөр – чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдарда COVID-19га карата ПЦР методу менен, РФ аймагына келгенге чейин эки календардык күндөн эрте эмес алынган анализдин терс жыйынтыгы тастыкталган учурда жүргүзүлөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Кыргызстанга кирүүгө негизинен алып караганда эч кандай чектөөлөр жок.

«Кыргыз темир жолу» жүргүнчүлөргө кайрылат

«Кыргыз темир жолу» эл аралык байланышта жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө учурдагы Келишимге ылайык, КМШга мүчө мамлекеттерде, Грузияда жана Балтика өлкөлөрүндө анын жеке эрежелерин колдонууну эске алууну эскертет:

«Жүргүнчү, багажды же жүктү жөнөтүүчү жана алуучу эл аралык ташууда темир жол транспорту менен жүрүүдө белгиленген паспорттук жана административдик (анын ичинде визалык), бажылык жана башка өзүнө карата да, колундагы багаж, жүк багажы жана ташылган үй жаныбарларына карата да эрежелерди сактоого милдеттүү.

Ташуучу темир жол транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде белгиленгендерди кошпогондо, бул эрежелердин сакталышын контролдоого укугу жок жана жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү, жүктү-багажды алуучу тарабынан бул эрежелердин сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондуктан, мамлекеттик чек ара көзөмөлүнүн компетенттүү органдары тарабынан поездден түшүрүлбөшү үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ жүргүнчүлөргө каттамда жана Казакстандын жана Россиянын мамлекеттик чек араларын кесип өтүүдө чектөөчү санитардык иш-чаралардын эрежелерин сактоону сунуштайт.

Сурап билүү телефондору: ( 0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

Эскерте кетсек, 6-9-июнь күндөрү Кыргызстандан Россияга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин каттамы жанданат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

Чыгармачылык контент жаратуучулар жасалма интеллекттин таасиринен улам 2028-жылга чейин кирешесинин 24%ына чейин жоготушу мүмкүн, бул искусственный интеллекттин (ИИ) таасиринен улам. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы билдирген. Маданий жана чыгармачылык индустриялар экономикалык өсүш жана туруктуу өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп жаткандыгы менен, аларды колдогон инфратүзүм дагы эле алсыз бойдон калууда. Докладдын маалыматы