Ысык-Көлгө сазандын 2.1 млн личинкасы кое берилди
Ысык-Көлгө сазандын 2.1 млн личинкасы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
20-майда Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи менен биргеликте Ысык-Көлдүн №40 балык уулоо участогунда кезектеги иш-чарасын өткөрүштү.
Жыйынтыгында, көлгө 2 млн 100 миң сазан личинкасы кое берилген. Личинкаларды Балык чарба департаменти «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүүчү жайында адистер менен бирге «заводдук» ыкма менен алышкан.
Балыктын баалуу түрлөрүн камдоо иштери июнь айынын ортосуна чейин уланат.