Бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык форум башталды – 10 документке кол коюу пландалууда

Бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык форум башталды – 10 документке кол коюу пландалууда

26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт. Биринчи Евразиялык экономикалык форумга 2500дөн ашык адам катталган жана анын алкагында 35 иш-чара, анын ичинде 21 тематикалык сессия болот.

ЕАЭБдин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, форумдун өз жыйынтыгында 10 документке кол коюу пландалып жатканын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, Биримдиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Форумдун программасына ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик талкуулар кирет:

  • «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги»
  • «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери»
  • Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычтары жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо катары»
  • «Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура»
  • «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби»
  • «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары».

Мындан тышкары, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда.

Иш-чара бир нече жерлерде өтөт:
  • Novotel мейманканасы – министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда форумдун ачылышы, «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги», «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби» панелдик талкуулары
  • Sheraton мейманканасы – панелдик дискуссиялар «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери», «Экономиканы өнүктүрүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура», «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары»
  • «Орион» мейманканасы – «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси -Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоосу катары»
  • «Фрунзе» рестораны – «Стратегия – 2025: ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча жаштардын көз карашы» тематикалык сессиясы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

ЖИнин таасиринен улам чыгармачыл контент авторлору кирешелеринин 25%ын жоготот

Чыгармачылык контент жаратуучулар жасалма интеллекттин таасиринен улам 2028-жылга чейин кирешесинин 24%ына чейин жоготушу мүмкүн, бул искусственный интеллекттин (ИИ) таасиринен улам. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы билдирген. Маданий жана чыгармачылык индустриялар экономикалык өсүш жана туруктуу өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп жаткандыгы менен, аларды колдогон инфратүзүм дагы эле алсыз бойдон калууда. Докладдын маалыматы