«Кыргызкөмүр» МИнин директору болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Директорлук кызматка Элдияр Калдарбеков дайындалды. Жаңы директорду кечээ, 25-майда жамаатка Энергетика министринин орун басары Чыңгыз Касымов тааныштырды.
Белгилей кетсек, Калдарбеков буга чейин Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болуп иштеген. 2016-2020-жылдары жергиликтүү кеңештин депутаты болгон (Таш-Дөбө а/ө).

