Кыргызстандагы ИДПнын өсүү деңгээли ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен дээрлик акыркы орунда турат
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын деңгээли боюнча Кыргызстан дээрлик акыркы орунда (Россия, Казакстан, Армения, Кыргызстан, Беларусия) турат. Мындай маалымат бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сүйлөгөн сөзүндө айтылды.
Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин ИДПсы 4.5%, курулуш тармагында кошумча дүң нарк 5%, айыл чарбасында 0.05%, өнөр жайда 4.1%, негизги капиталга инвестициялар 5.7%га өскөн.
«Беларусиянын, Казакстандын жана Россиянын ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетип, 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 2.3%, 4% жана 4.2%га өстү. Армения менен Кыргызстанда ИДП 4.1% жана 3.6% өстү», – деди Жапаров.
Ошондой эле ал ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода агымынын багытынын өзгөрүүсү байкалганын, ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Евробиримдиктин үлүшү 2015-жылдагы 46.2%дан 2020-жылы 36.7%га кыскарганын айтты.
«Батыштан чыгышка карай цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Европага терезе жабылса, Азияга терезе ачылат! Биз өзүбүздүн Союз өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлөөгө тийиш болгон мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнүн күбөсү болуп олтурабыз», – деди минкабдын жетекчиси.
Буга кошумча Жапаров 2021-жылдын аягында белгиленген тенденцияларды сактоо менен тышкы соодада экспорттун көлөмү (42.5%га өсүү) 2015-жылдан берки максималдуу мааниге ээ болуп, 500 млрд долларга жеткенин, ал эми өз ара сооданын көлөмү (32.4%га өсүү) 70 млрд доллардан ашканын белгилеп өттү.