Тонировкалоодон бир ай ичинде бюджетке 38 млн сом түшкөн
1-июндан тартып унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин акы төлөп, караңгылатууга уруксат берилгенден бери бюджетке 38 млн сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов билдирди.
Бирок, депутаттын айтымында, тонировка үчүн төлөнүүчү акыны азайтып, унаанын көлөмүнө жараша алуу керек, деп жазат Kaktus.media.
«Мыйзамды кабыл алып жатканда министрлер кабинети тонировкалоо үчүн 80 миң сом өлчөмүндөгү сумманы белгилеген, бирок бул адилетсиздик, анткени бул суммага тонировканы ар ким эле көтөрө албайт.
Унаалардын көлөмүнө жараша төлөм коюуну сунуштайм. Мисалы, көлөмү эки кубга чейин 20 миң сом, экиден үчкө чейин – 40 миң сом, үчтөн төрткө чейин – 60 миң сом, беш кубдан көп болсо – 80 миң сом өлчөмүндө төлөм белгиленет. Киреше көп түшөт», – деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, унаалардын алдыңкы эшиктерин караңгылатуу үчүн акы төлөнүүчү уруксат кагаздары 1-июндан тартып бериле баштаган.
Тонировкалоонун баасы жылына 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин бекитилген:
- резидент-жеке адамдар үчүн 800 эсептик көрсөткүч (80 000 сом).
- юридикалык жактар үчүн 1000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом).
- резидент эместер үчүн 1200 эсептик көрсөткүч (120 000 сом).
КР Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тонировкалоого уруксат берүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.
Жүргүнчүлөрдү ташыган (такси) автомобилдерди кошпогондо, М-1 категориясындагы жеңил унааларга тонировкалоого уруксат берилет. Унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин жарык өткөрүүнү чектебей караңгылатууга арыз ээсинин каалоосу боюнча жол берилет.