Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча коллегиянын жыйынында 2025-жылдын 18-декабрындагы № 14-13633 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келинген товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик органдардын жана маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" МинКаб төрагасынын орун басарынын тескемесинин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Панфилов районундагы Чалдыбар өткөрмө пунктунун жанынан жалпы аянты 3 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Анын ичинен 6 объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берилген.

"2025-жылдын 20-ноябрында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелерин кабыл алуу боюнча  Мамлекеттик салык кызматына кат жолдогон", — деди Жантаев.

Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрмө пунктунун жанынан аянты 5,2 гектар жер тилкеси даярдалган. Жерлерди калыптандыруу иштери Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалында аяктап, документтер тактоо жана текшерүү үчүн райондук администрацияга өткөрүлүп берилген.
Ысык-Ата районунда Кочкорбаев айыл аймагындагы 5 гектар жер тилкеси кампаларды куруу үчүн убактылуу пайдаланууга Мамлекеттик салык кызматына берилген. Ал эми Ак-Кудук айыл аймагындагы дагы 5 гектар жер тилкеси Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кароосуна жөнөтүлгөн.

Сокулук районунда МинКаб № 1180-т тескемесине ылайык, Төмөнкү-Чүй — автожол өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу жана Фрунзе айылынан аталган өткөрмө пунктка чейин жол куруу иштери жүргүзүлүүдө. Жер тилкелерин алмашуу жана каттоодон өтпөгөн жерлерди эсепке алуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик агенттиктин филиалы жана Төмөнкү-Чүй айыл аймагы менен биргеликте жеке менчиктеги жерлердин аянты такталган.

"Алмашууга берилүүчү жерлердин жалпы аянты 22,83 гектарды, ал эми каттоодон өтпөгөн айыл чарба жерлери 10,23 гектарды түзөт. Жерлер менчик ээлеринин каалоосу боюнча бөлүштүрүлөт, ээси жок тилкелер айыл аймагынын балансына өткөрүлөт", — деп билдирди биринчи орун басар.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media