«Бир айыл – бир продукт» долбоору боюнча продукциянын дээрлик 600 түрү иштелип чыкты

«Бир айыл – бир продукт» долбоору боюнча продукциянын дээрлик 600 түрү иштелип чыкты

Бүгүнкү күнгө карата «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында 593 продукция иштелип чыккан.

Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушууда билдирди.

Кабинет башчысы «Бир айыл – бир продукт» долбоору өлкөнүн аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, өндүрүлгөн продукция популярдуу болуп, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле айрым продукциялар регионалдык бренд катары таанылып, Бишкек шаарында да сатылып, чет өлкөлөргө да экспорттолууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чынгыз Эшимбеков Чикаго консулу болуп дайындалды

Чынгыз Эшимбеков Чикаго консулу болуп дайындалды

Садыр Жапаров Чынгыз Эшимбековду Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу кылып дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул чечим өлкөнүн Конституциясына ылайык кабыл алынган. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан маалымдашты. Чынгыз Эшимбеков дипломатиялык кызматта бай тажрыйбага ээ. 2015–2019-жылдары ал Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын Элчиси болуп иштеген. 17-сентябрдан 2019-жылдан

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган. Аталган мелдешке жалпы

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн  курулат

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн курулат

Бишкектин чыгыш айланма жолу долбоорунун алкагында 2 транспорттук түйүн куруларын Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегиянын жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, пландалган транспорттук түйүндөр Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсү жана Лев Толстой көчөсү менен туташат. Бишкектин чыгыш айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча коллегиянын жыйынында 2025-жылдын 18-декабрындагы № 14-13633 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келинген товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик органдардын жана маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" МинКаб төрагасынын орун басарынын тескемесинин аткарылышы тууралуу маалымат берди.