Даламан — Бишкек жаңы авиарейси ачылды
Түркиянын Даламан шаарынан Бишкекке биринчи чартердик рейс ачылды. Бүгүн, 29-июнда, “Манас” эл аралык аэропортунда рейстин алгачкы жүргүнчүлөрү салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Pegasus авиакомпаниясы Даламан – Бишкек – Даламан багыты боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү уча тургандыгы айтылды.
Биринчи рейс менен Бишкекке 63 жүргүнчү келсе, Даламанга 178 жүргүнчү учкан.
Иш-чарага транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Айбек Байышбаев, «МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Расул Мамашов, Roxiana Travel Company башкармалыгынын төрагасы жана башкы директору Тавфибек Азизов, Түркиянын туризм министринин кеңешчиси Ахмет Хамди катышты.



