Парламентте мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Парламентте мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаттары кечээ, 28-июнда, мыйзам бузган эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга лидер Нуржигит Кадырбеков баштаган фракция мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Баңги кылмышына аралашкан жарандардын энелери жаштар алдамчылыктын курмандыгы болуп жатканын белгилешүүдө. «Татарстанда эле 20га жакын мекендешибиз түрмөдө отурат. Бул айда 15 бала соттолду. Элчилик адвокат гана жөнөтүп, башка жардам көрсөтө алган жок», – дешип, элчиликтин имаратына кирүү да абдан кыйын экенин кошумчалашты.

Талкууда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Россиядагы мекендештер арасында административдик укук бузуулардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. «Негизги себептер бул: өлкөгө кирүү жана чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана баңгизаттарын колдонуу», – деп түшүндүрдү ал.

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков билдиргендей, учурда Россияда 985 адам камакта. «Алардын 30%ы баңгизаттын айынан түзөтүү абагына камалган. Учурда талдоо иштери жүрүп жатат. Абактагылардын көбү оңой акча табам деп алданып калган», – деди Азарбеков.

Депутат Султанбай Айжигитов КР күч түзүмдөрүнүн Россиядагы өкүлчүлүктөрүн активдүү иштөөгө чакырды. Анын пикиринде, бул маселени чечүү үчүн комплекстүү иштеш керек. Кылмыштарды тергөө процессине Кыргызстандын өкүлдөрү тартылышы керек, кармалган учурдан тартып, бардык процессуалдык эрежелер сакталышы керек.

Мындан тышкары, депутат Динара Ашимова Түркия, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө кармалган аялдарга байланыштуу маселени карап чыгуу зарылдыгын айтып, эл аралык конвенциялардын алкагында мыйзамдык базаны бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары тарабынан алданып, кылмыштуулукка аралашкан жарандарга жардам көрсөтүү, мындай окуялардын алдын алуу жана тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган. Аталган мелдешке жалпы

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн  курулат

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн курулат

Бишкектин чыгыш айланма жолу долбоорунун алкагында 2 транспорттук түйүн куруларын Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегиянын жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, пландалган транспорттук түйүндөр Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсү жана Лев Толстой көчөсү менен туташат. Бишкектин чыгыш айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча коллегиянын жыйынында 2025-жылдын 18-декабрындагы № 14-13633 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келинген товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик органдардын жана маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" МинКаб төрагасынын орун басарынын тескемесинин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда. “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана