Венгриялык компания Кыргызстанда бал өндүрүү тууралуу тасма тартып, Европада көрсөтөт

Венгриялык компания Кыргызстанда бал өндүрүү тууралуу тасма тартып, Европада көрсөтөт

Жалал-Абад облусунда глэмпинг лагерин ачкан венгриялык Fulmer Apiary компаниясы Кыргызстандагы бал аарычылык жөнүндө кыска метраждуу тасма тартууну пландоодо. Бул лагерь тоо балын чогултуу процессин уюштуруу үчүн жана компаниянын кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн ачылган.

Бул тууралуу маалыматты глэмпинг лагерин ачууга жардам берген Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ВКӨФ) басма сөз кызматы билдирди.

Компания тартылган тасманы Европа өлкөлөрүндө көрсөтмөкчү. Бул үчүн Кыргызстанга Венгриядан атайын тасма тартуучу топ келет.

ВКӨФ венгриялык Fulmer Apiary компаниясы 1929-жылы негизделип, бал өндүрүү жана аны кайра иштетүү боюнча Европадагы лидерлердин бири экенин белгиледи. Быйылкы жылдын 30-мартында Fulmer Apiary Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачкан.

Мындан тышкары окуңуз

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган. Аталган мелдешке жалпы

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн  курулат

Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн курулат

Бишкектин чыгыш айланма жолу долбоорунун алкагында 2 транспорттук түйүн куруларын Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегиянын жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, пландалган транспорттук түйүндөр Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсү жана Лев Толстой көчөсү менен туташат. Бишкектин чыгыш айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусунда 22,83 гектар жер ЕАЭБ пункттарындагы товар алмашуу үчүн даярдалды

Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча коллегиянын жыйынында 2025-жылдын 18-декабрындагы № 14-13633 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келинген товарларды эсепке алуу пункттарында мамлекеттик органдардын жана маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" МинКаб төрагасынын орун басарынын тескемесинин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда. “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана