Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен “Бишкек шаарына инвестиция жаса” аталган инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Справочник бөлүмдөргө бөлүнүп, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, чет өлкөлүк тике инвестициялар боюнча көрсөткүчтөрдү, Бишкек шаарында бизнес жүргүзүү, инвестициялык климат боюнча маалыматты камтыйт.

Ошондой эле өзүнчө берилген «Биз сунуштаган Бишкек шаарындагы инвестициялык долбоорлор» бөлүмү өзгөчө кызыгуу жаратат. Бул долбоорлорду илгерилетүүгө агенттик айрыкча басым жасамакчы.

Ар бир долбоор Бишкек шаарынын айрым көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Анын ичине: транспорт, экология тармагы, унаа токтотуучу жайларды, тиричилик жана тамак-аш таштандыларын чогултууну жакшыртуу, “Бишкек-сити” эл аралык бизнес борборун куруу, темир жолдун жаңы автожолдун курулушу жана ТЭЦ-2нин жумушун калыбына келтирүү кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Былтыр Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо багытында 5 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен "Кабар" маалымат агенттиги жазды. Аймактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында Кадамжай районунда күрүчтү кайра иштетүүчү жана 3 заманбап мөмө-жемиш сактоочу жай ишке кирди. Ак-Турпак айылында

Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жакында эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, парламенттин келерки 5 жылдык стратегиясын талкуулаганын билдирди. Төрага өз сөзүндө санариптештирүү жана реформаларга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. “Президенттин администрациясында санариптештирүү саясатында чечимдер 10-20 эсе ыкчам кабыл алынат. Бул иштин натыйжалуулугун,

Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешов мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алуу маселеси аз камсыздалган жарандар үчүн кыйын болуп калгандыгын билдирди. Депутаттын айтымында, бул маселеге министрлер кабинети көңүл бөлүп, атайын программа иштеп чыгып, багаар-көрөөрү жок жетим балдардын турак жайлуу болушуна шарт түзүшү керек. “Алар балдар үйлөрүнөн чыккандан

“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

“Агродиалог-2026”: Эмир Жаманбаев 1 гектардан 80 тоннадай дарбыз алган

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Агродиалог 2026” форумунда Ысык-Көл районунун Боз-Тери айылынын тургуну Эмир Жаманбаев 1 гектар жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, жакшы түшүм алганын билдирди.   “Ысык-Көлдө жай кыска болгондуктан биз тунук целлофан пленкалары менен тамчылатып сугаруу системасын колдондук. Целлофан нымдуулукту сактап, отоо чөптөрдүн өсүүсүнө жол бербесе, тамчылатып