Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Өткөн жылы Баткенде айыл чарба багытындагы 5 жаңы ишкана ачылган

Былтыр Баткен облусунда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо багытында 5 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен "Кабар" маалымат агенттиги жазды.

Аймактын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында Кадамжай районунда күрүчтү кайра иштетүүчү жана 3 заманбап мөмө-жемиш сактоочу жай ишке кирди. Ак-Турпак айылында Дүйнөлүк банк жана АРИСтин колдоосу менен күрүч цехи ачылып, 5 жаңы жумуш орду түзүлдү. Баткен районунун Самаркандек айылында жеке ишкер тарабынан өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилип, 10 адам туруктуу жумушка орношту.

Муздатып сактоочу жайлар Кадамжайдын Бирлик айыл аймагында (350 тонналык), Төрт-Гүл айылында (500 тонналык) жана Кызыл-Бел айылында (170 тонналык) ачылды. Бул жайлар жемиштерди сактоого жана логистиканы жакшыртууга багытталган.

Бул ишканалардын ачылышы Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын сапаттуу иштетүүгө жана кошумча нарк менен чет өлкөлүк базарларга экспорттоого жол ачат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media