Кыргызстандык ишкерлердин чет элдик көргөзмөлөргө катышуусуна 100 млн сом бөлүү пландалууда
Экспортту өнүктүрүү программасынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуусу саналат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Economist.kg-ге берген маегинде билдирди.
Экспортту өнүктүрүү программасынын алкагында биздин өндүрүүчүлөрдүн экспортуна дем берүү максатында келерки жылга каражат бөлүнүүдө.
«Эмне стимул болмокчу? Биздин продукциялар менен ири эл аралык көргөзмөлөргө катышуу жана потенциалдуу рынокторду издөө. Менимче, бул көргөзмө-жарманке иш-чаралары экспортту көбөйтүүгө олуттуу жардам берет. Биринчи этапта биз азыр 5тен 10го чейин экспорттук товарларды аныктап жатабыз, аларга биз жигердүү түрткү бере баштайбыз – бул айыл чарба, жеңил өнөр жай, балким машина куруу жана туризм тармагы болот», – деп түшүндүрдү министр.
Ал ошондой эле ишкерлерге катышуу чыгымдарынын 50%ы төлөнөрүн билдирди.
«Балким, экспозиция жана продукцияны жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарды көтөрөбүз, бул азыр дагы талкууланат, бирок ансыз биздин ишканаларды чет өлкөгө алып чыгып, көрсөтүү мүмкүн эмес. Бул максатка 100 млн сомго жакын каражат бөлүүнү пландап жатабыз», – деди Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев менен маекти толугу менен бул жерден окуңуз: