Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы долбоорлорду 192 млн сомго каржылаган

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы  долбоорлорду  192 млн сомго каржылаган

2025-жылы Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы суммасы 365 млн 872 миң сомду түзгөн 89 долбоорду ишке ашырган.

Бул тууралуу бүгүн Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев 2026-жылга карата Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине арналган коллегиянын жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы сумманын ичинен:

  • 191 млн 879 миң сом — гранттык каражаттар;
  • 173 млн 993 миң сом — айыл өкмөттөрүнүн өздүк салымы.

"Биз инвесторлордун келишин күтпөстөн, жаңы инвестициялык долбоорлорду өзүбүз демилгелеп жатабыз", — деди Жантаев.

Ошондой эле ал Чүй облусунун эл аралык кызматташтыгынын негизги максаттары — соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий тармактарда алдыңкы чет өлкөлүк аймактар менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле облустун инвестициялык потенциалын жогорулатуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, облус Ленинград облусу (Россия Федерациясы), Кытайдын Шаньдун, Шаньси, Ганьсу жана Синьцзян провинциялары, ошондой эле башка чет өлкөлүк аймактар менен тыгыз кызматташтык жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media