Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Алардын ичинде:
• жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам;
• майыптыгы бар адамдар – 2313 адам;
• жубайлар – 350 үй-бүлө;
• турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр – 2971 үй-бүлө.

Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган адамдарга, өз алдынча жүрүп-түрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарга, жубайларга, ошондой эле татаал турмуштук жагдайга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшөт. Адистер турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп, психологиялык жана социалдык колдоо камсыз кылышат.

Ар бир социалдык кызматкер башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке графикке ылайык камкордукка алынган жаранды жумасына кеминде эки жолу барып тейлейт. Бул ыкма жардамга муктаж адамдарга сапаттуу кароо жана өз убагында көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.

Үйүндө социалдык жардам алуу үчүн муктаж жарандар тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кошуналарынан же жакын адамдарынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу талап кылынат, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен