Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон тышкы карызы 1 млрд 794 млн долларды түздү, бул 147.3 млрд сомго барабар. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Быйыл Финансы министрлиги кредиторго 112 млн доллар төлөп берүүнү пландоодо.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Кытайдын Эксимбанкына мамлекеттик тышкы карызды төлөө 2025-жылдан баштап өсүп, 2027-жылы эң жогорку деңгээлге жетет да, андан кийин төмөндөйт.